Балдарга кам көргөн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Жарлыкка кол коюлду

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бул кадам балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи болуп саналат.

«Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат. Ошондой эле мындай нерселерди алдын алуунун үстүндө иштешет. Ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүү алардын милдети болот. 1-февралдан тарта колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат», — деп айтылган маалыматта.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы буга чейин «Жаңы кадам» социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде социалдык кызматкерлердин 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирген.

Related posts

Бишкек шаарында күндүз +16°ка чейин жылуу болот — 25-декабрга карата аба ырайы

admin

20-октябрга карата түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +24кө чейин

admin

КР УКМК: Массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган жаран кармалды

admin

Комментарий