Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кечээ, 17-октябрда саат 17:10 чамасында Балыкчы шаарынын Аманбаев менен Туманов көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу белгисиз унаасы менен 2011-жылы туулган кызды сүзүп, из жашырып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жол тескөөчүлөрү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Хонда Фит унаасынын айдоочусу болгон 1980-жылы туулган жаран кармалды.

Related posts

Чек арага чекит коюшубуз керек! Садыр Жапаровдун кезектеги маеги 

admin

Москвада сабалган кыргызстандык таксист. Кылмыш иши козголду

admin

Кыргызстан 2040- жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын 50 пайызга жеткирет

admin

Комментарий