Бишкекте 6 окуучу милицияга жеткирилди

Бишкекте 6 окуучу милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Милицияга 17-октябрь күнү саат 16:04 чамасында Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде мектеп окуучулары топтошуп мушташып жатат деген маалымат түшкөн.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБге катталган. Милиция бөлүмүнө 6 жашы жете элек өспүрүм жеткирилген. Мындан тышкары окуяга тийиштүү дагы башка катышуучулар аныкталууда. Азыркы учурда алардын ата-энелери да чакырылды. Алардын ар бири менен жана ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү менен териштирүү иштери жүргүзүлөт.

Related posts

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынып алды

admin

Бишкекте Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

admin

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

admin

Комментарий