Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда (Видео)

Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арада кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

“Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында ок атышуу уланып, токтой элек”, — деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган айылдардан жай тургундарды эвакуациялоо иштери жүрүүдө.

Булак: «Кабар»

Related posts

КР УКМК: Чет элдиктер фирмалык кийимдерди документи жок тигишкен

admin

«Кумтөрдүн» 30 жылдыгы: Президент кимдерге сыйлык тапшырды? Тизме

admin

Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди 

admin

Комментарий