Баткенде 21 жаштагы чек арачы көз жумду

21-февралда Баткен чек ара отрядынын чек арачысы куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чек ара заставасынын өздүк курамды алмаштыруу учурунда УКМКнын 1997-жылы туулган аскер кызматкери 2002-жылы туулган чек арачыны кокустан атып алган.

Медициналык кызмат көрсөтүлгөнүнө карабастан, аскер кызматкери алган жараатынан улам каза болгон. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилген. Окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Related posts

«Туулган күнүндө жерге берилген». Бүгүн Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун туулган күнү

admin

19-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Сузакта бир нече жолу унаадагы жигитке ок атылган. Шектүү кармалып, кылмыштуу топту колдобой турганын айтты

admin

Комментарий