Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

2-октябрда Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өттү.

Кыргыз делегациясын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеп келген.

Кыргызстандын Министрлер кабинети билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын чийүүнү улантуу зарыл экенин айтып, жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти.

«Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин чектеш райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле эки мамлекеттин чектеш облустар менен райондорунун ортосундагы кызматташууну улантуу зарылдыгы белгиленди. Биргелешкен жыйындын соңунда протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү», — дейт Кыргызстандын Министрлер кабинети.

Саймумин Ятимов, Камчыбек Ташиев

Related posts

Өзгөндө жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

admin

Кыргызстанда китепкана, театр, музей кызматкерлерм аттестациядан өтөт 

admin

Видео. Кичинекей бишкектиктер кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттукташты 

admin

Комментарий