Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды 

Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

2023-жылдын апрель айында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөндүгүн айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Атайын тергөө тапшырмасынын негизинде Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 38 жаштагы жаран Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Ташиев Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу боюнча үн катты 

admin

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин инисин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат (сүрөт)

admin

Азия чемпионаты: Балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло медалга ээ болушту

admin

Комментарий