Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды 

Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

2023-жылдын апрель айында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөндүгүн айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Атайын тергөө тапшырмасынын негизинде Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 38 жаштагы жаран Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related posts

7-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

УКМК техникалык жана IT-адистерди кызматка чакырат

admin

Быйыл жаз эрте келерине байланыштуу Айыл чарба министрлиги сууну үнөмдөөгө чакырды

admin

Комментарий