Баткендеги «Халмион» базарынан өрт чыкты

Алдын ала маалымат боюнча, Кадамжай районунун И.Полотхан айылында жайгашкан “Халмион” базарында өрт чыккандыгы тууралуу саат 4:29да маалымат түшкөн. Жерине саат 4:32де Кадамжай шаардык №76 ӨККБдөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, кошумча күч катары саат 4:48де Кыргыз-Кыштак айылындагы №107 ӨККБнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 4:59 жана 5:03тө №76 ӨККБдөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Жеринде жалпы 4 күжүрмөн эсепте 20 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жумуш алып барып, саат 5:36да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 6:54тө толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Related posts

Дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргойт

admin

Кербен шаарындагы ооруканада өрт чыкты  

admin

Эквадордогу башаламандык. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

admin

Комментарий