“Беш-Таш” улуттук паркына келген швейцариялык турист жоголуп, кийин табылды

16-июнь күнү Талас облусунун ички иштер башкармалыгына “Беш-Таш” улуттук паркына эс алууга чыккан чет өлкөлүк турист дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул окуя милиция тарабынан каттоого алынып, жерине Талас ОИИБдин жана Талас РИИБдин кызматкерлери чыгышкан.

Текшерүү учурунда чет өлкөлүк турист аман-эсен табылып, Талас шаарына алып келинген. Ал 1964-жылы туулган Швейцариянын жараны Андрейа Мария Хелена экендиги такталган. 60 жаштагы чет өлкөлүк турист айым “Беш-Таш” улуттук паркындагы “Жүрөк” көлүн көрүүгө өзү жалгыз чыгып, андан ары дагы жогорулап кеткендиги белгилүү болгон. Турист айым жүргөн жер тоолуу болгондуктан телефондо байланышууга мүмкүн болгон эмес. Түнкү саат 23:30 чамасында Талас ОИИБге алып келинген чет өлкөлүк турист айым милициянын иш-аракетине ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө тынчсызданып издегени үчүн Талас милициясына жана учурда жашап жаткан мейманкананын ээсине алкыш айткан.

https://www.facebook.com/mvd.gov.kg/videos/446990784609939/?ref=embed_video&t=0

Related posts

Укук коргоо системасын таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракетине кээ билер  саясий түс беришүүдө 

admin

Ташиев жогорку кызматтагы адам коррупция менен соттолсо, туугандары жумуштан кетээрин эскертти

admin

УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты жөнүн пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулду

admin

Комментарий