Кыргызстанда жети миллионунчу жарандын төрөлүшү күтүлүүдө 

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү.

Эл аралык сунуштамаларга ылайык, каттоолордун ортосундагы мезгилдеги калктын санын эсептөө үчүн акыркы эл каттоонун маалыматтар базасы жана адамдардын төрөлүшү, өлүмү жана миграциясы боюнча учурдагы эсептин маалыматтары пайдаланылат, алар ай сайын жарандык абалдын актыларын жазуу жана калктын миграциясын каттоо тутуму тарабынан берилип турат.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштады.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Статкомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Related posts

Коляскадагы аялга орой мамиле кылган троллейбус айдоочусуна кандай жаза берилди? Мэриянын жообу

admin

Ташиев – каралардын, коррупционер уурулардын элдешкис душманы

admin

Борбор калаада троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар элди тейлей турганы айтылды.

admin

Комментарий