Бешинчи жолу ата-энесин издеттирген Айжамал табылып, жоругунун себебин айтты

Бүгүн, 25-октябрда 12 күндөн бери изделип жаткан Айжамал Алымбаева Жалал-Абад облусунун аймагынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Айжамалдын айтымында, ал ата-энеси менен эч кандай пикир келишпестикке барган эмес. Болгону өзү жалгыз жашагысы келген. Ата-энеси издешин билип, уюлдук телефонунун номурун толугу менен алмаштырган.

Эске салсак, бул кыздын бешинчи жолу жоголушу.

Буга чейин 2004-жылы туулган — Алымбаева Айжамал Жеңишбековна ушул жылдын 13-октябрында Ош мамлекеттик университетине караштуу Юридикалык колледжден чыккандан кийин дайынсыз болуп жатканын жазган.

Related posts

Токтогулда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

admin

Кыргызстанда”Kunan Taitoru” аталышындагы алгачкы спорттук унаа чыгарылды  

admin

Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салды

admin

Комментарий