Билим берүү министри Бейшеналиев $110 миң пара алууга шектелип кармалды

Пара алуу фактысы боюнча билим берүү жана илим министри А.Б. (Алмазбек Бейшеналиев) кармалгандыгын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта министр пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалдыгы айтылат.

«Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.

Related posts

Жалал-Абадда 870 ипотекалык батир май майрамдарынан кийин берилет

admin

УКМК: Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча З.Т.И. аттуу КР жараны кармалды

admin

Сахарадагы кумдун чаңы Германия, Франция жана Швейцарияны каптады

admin

Комментарий