Жалал-Абадда Орусиядан жыгач алууну каалаган жаран 35 миллион сомун алдаткан. Шектүү кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы 35 миллион сомдон ашуун акчаны алдап кеткен шектүүнү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

6-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын июнь айында Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну, Орусиядан жыгач алып келип берем деп 35 миллион 158 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген. Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 2001-жылы туулган жаран Өзбекстанда кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Related posts

Жолдо ваннада жатып алып, шарап ичкен казак блогерин 15 суткага камашты

admin

Көргөндүн жүрөгү түшөт! Индияда поезддер кагылышып, 15 киши көз жумду

admin

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, аба ырайы +23кө чейин жылуу болот — 8-ноябрга карата аба ырайы.

admin

Комментарий