Бир түндө унаа башкарган 31 мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында бүгүнкү күндөн тартып, декабрь айынын аягына чейин, жалпы өлкө аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүүдө.

Ошонун алкагында 24-ноябрга караган түнү Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облусунун аймактарында Атайын рота тарабынан жалпы 31 мас айдоочу кармалып, баары айып короо жайына киргизилген.

Рейддик иш-чарага массалык маалымат каражаттарын чыкырылып, айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүүүдө.

Related posts

ШОС: Кыргызстан аймактык коопсуздукта лидерлик кылууда

admin

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди 

admin

Райымбек Матраимовдун 7 мүлкү мамлекетке өттү. Алар кайсылар?

admin

Комментарий