Райондук сот «Алтуханы» камактан бошотту

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда «Алтуха» каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында ал үй камагына чыгарылганын 5-октябрда райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Криминалдык лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 2023-жылдын 23-майында кармалганын УКМК билдирген. Расмий маалымат боюнча, кармалгандар көп жыл бою Кыргыз Республикасынын ишкерлеринен жана жарандарынан Кытайдан алып келген товарларын тартып алып жүрүшкөн.

Иш УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) 4-бөлүгү менен козголгон. Камакка алынгандардын бири «Алтуха» деген каймана аты менен белгилүү А.И. болчу.

Related posts

Садыр Жапаров эмнеге маалымат жыйын өткөрбөйт? Өзү жооп берди

admin

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

admin

Балбан Акжол Махмудов: «Тарыхты бир гана окубайт, аны жаратып, жазышат»

admin

Комментарий