Бишкек мэриясында Ататүрк паркы маселеси боюнча жыйын өттү

Бишкек мэриясында Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Ведомстволор аралык кеңешменин жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылууну, Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы №225 токтому менен бекитилген парктын жер участокторун паркка кайтаруу боюнча 2024-жылдын 20-майына пландалган иштерди даярдоо чараларды көрүүнү тапшырды.

12-апрелде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 токтому менен бекитилген 107 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер парктын аймагына кайтарылышы керек.

Related posts

Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды 

admin

ТИМ Кыргыз жарандарына Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады 

admin

Америкалык жаран жашоосунда 34 миңден ашык бургер жеп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

admin

Комментарий