Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо: партиялардын номурлары белгилүү болду

17-октябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 17-ноябрда өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын кезегин аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча бюллетенде партиялар төмөнкүдөй тартипте жайгаштырылат:

1. «Адилет»

2. «Жаны күч — Новая сила»

3. «Ынтымак»

4. «Эмгек партиясы»

5. «Эл Үмүтү»

6. «Социал-демократтар»

7. «Улуу-Журт»

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери 18-октябрда, айылдык кеңештерге 28-октябрда башталып, 16-ноябрда саат 08:00дө аяктайт.

Related posts

Ноокендеги сел: Бишкек-Ош унаа жолунда эки тараптуу каттам жанданды

admin

Шакиев: “Улуттук банк тармакка жаңылыктарды киргизүүсү кажет”

admin

Баткенде 1 районго жана 2 айылга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

admin

Комментарий