Бишкек шаарында жана аймактарда мыйзамсыз диний лагерлер аныкталды

Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл облустарында мыйзамсыз диний окутуу курстар, лагерлер аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы билдирди.

2025-жылдын 28-31-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, Бишкек шаарынын жана Чүй, Ысык-Көл облусунун аймактарында мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзүп келген жарандар аныкталды. Аталган жарандар 2025-жылдын 21-январындагы №18 “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузушкан. Тактап айтканда, дин иштери боюнча ыйгарым укукттуу мамлекеттик органдын эсептик каттоосунан өтпөстөн диний ишмердүүлүк жүргүзүшкөн.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 142-беренесине ылайык мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандарга тиешелүү протоколдор (айып пулдар) түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Улуттук агенттик бардык жарандарга, диний бирикмелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого чакырат. Мыйзамсыз диний ишмердүүлүк кылган жарандар жана диний топтор мыйзам алдында жоопкерчиликтүү болушат.

Урматтуу ата-энелер балдарга диний таалим берүү үчүн расмий каттоосу бар диний уюмдардын, окуу жайлардын лагерлерин тактап, аныктап анан жиберүү керек экендигин белгилейбиз.

Текшерүүгө алынып, ишмердүүлүгү токтотулган диний лагерлер төмөнкүлөр:

  • Айша Хумейра (humeira.kg)
  • Худу камп (hudu_camp)
  • Алифбатаса (aba.ta.sa.kg)
  • Аларабия (alarabia_school)
  • Жаш муун (zhash_muun)
  • Муун академия (muun_akademy)
  • Зам Зам академия (akademy.kg)
  • Нсб кидс (nsb_kids)
  • Алиф академия (alif_akademy_kg)
  • Тартиил (tarteel.school)
  • Кут травел (kut_travel_)
  • Калем лидер (kalem_leaders)

Related posts

УКМК: «Сапар Исаковго брондолгон унаа белек кылган Рамонов кармалды»

admin

Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында сметалык баасы 500 миллион сомдон ашык жаңы райондук оорукананы куруу долбоору бекитилди

admin

Бишкекте таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод жыл соңунда ишке берилет

admin

Комментарий