Бишкек — Шарм-эль-Шейхке түз авиакаттамы ишке кирди

Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы Шарм-эль-Шейх-Бишкек-Шарм-эль-Шейх багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү Boeing 737-800 учактары 2022-жылдын 30-октябрынан тарта тейлеп келишет.

Айтылган убакыттан бери Шарм-Эль-Шейхке 3 чартердик каттам аткарылып, төртүнчүсү кечээ, 29-ноябрда, аткарылды.

Шарм-эль-Шейх-Бишкек-Шарм-эль-Шейх багыты тууралуу бардык суроолор боюнча авиакомпания менен түз байланышуу сунушталат.

Related posts

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа көпүрөдөн түшүп кетти 

admin

Бишкектеги №29 мектепте «Улуттун түбөлүктүүлүгү эне тилинде» аттуу  салтанаттуу иш-чара өттү

admin

Комментарий