Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа көпүрөдөн түшүп кетти 

Бишкектин Чыгыш автобекети аймагында дем алышта Range Rover жана Toyota Prius унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочулар бир багытка бара жатып, аталган тилкеде жолдун тардыгынан улам сүзүшүп кетишкен.

Жыйынтыгында Toyota Prius көпүрөдөн түшүп кеткен, унаанын ичинде айдоочусу гана болгон, ал ооруканага жеткирилген.

Related posts

Оштогу сел: Ташиев абал менен таанышуу үчүн жөнөп кетти

admin

Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун толугу менен колдоду

admin

Ошто изделип жаткан келин сейил бактан табылды

admin

Комментарий