Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктан жабыркагандар бүгүн Анталиядан Бишкекке учуп келишет

8-майда Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен жабыркаган эки кыргызстандыктын узак мөөнөттүү дарылоосу аяктады. Бүгүн, 9-майда Кыргыз жарандары Бишкек шаарына келишерин Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунан маалымдашты.

Башкы консул Рустам Кошонов башкы дарыгер Мехмет Волкан Харпутка, дарылаган дарыгерлерге, ошондой эле Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн бардык медицина кызматкерлерине кыргыз тараптын атынан ыраазычылык билдирип, түрк дарыгерлеринин аракети кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калуу үчүн Кыргызстандын Түркия менен болгон боордоштугу жана кызматташтыгы менен ого бетер бекемделди. Ошондой эле, Адана шаарында жашаган жана мекендештерин дарылоодо колдон келген жардамын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын активдүү жарандары ыраазычылыктарды алышты.

Буга чейин маалымдалгандай, январь айында Коргоо министрлигинин тик учагынын кыйрашынан кийин 25-апрелде жабыркагандардын бири Кыргыз Республикасына кайткан. Жабыркаган экинчи аскер учкучу ушул жылдын 7-майында Кыргыз Республикасына учуп келген.

Related posts

Жөтөл, чүчкүрүк… Өлкөдө 700 миңдей адам дем алуу органдарынын ооруларына даттанып дарыгерге кайрылган

admin

УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды

admin

Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду 

admin

Комментарий