Бишкекте өспүрүм баланы башка чаап жиберген киши кармалды

Блогер Эртай Искаков социалдык тармактагы баракчасына үйлөрдүн биринин подъездинде тартылган видео менен бөлүшкөн. Видеодон көргөндөй эркек киши өспүрүм баланы башка чаап жиберген.

Окуя тууралуу Ленин РИИБ маалымат берип, жарандын кармалганын билдиришти. «Милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармашты. 19-апрель күнү Ленин РИИБге жаран белгисиз адамга карата чара көрүүгө арыз менен кайрылган. Анткени ошол эле күнү болжол менен кечки саат 20:40 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен 2009-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген.

Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон жана соттук-медицинадык эктпертиза дайындалган. 1991-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда»,- дешти.

Related posts

Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыкканы айтылды

admin

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Орусияга дарылануу үчүн учуп кетти

admin

Марат Жуманалиевдин сөөгү бүгүн жерге берилери маалымдалды

admin

Комментарий