Садыр Жапаров башкы прокурор менен экология министрине сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады.

Президент буга чейин комиссияга прокуратуранын айрым кызматкерлеринин Жаратылыш ресурстары министрлигинин лицензиялоо боюнча комиссиясынын ишине кийлигишкен учурларын карап чыгууну тапшырган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай фактылар аныкталганы тууралуу маалыматты Садыр Жапаровго жөнөткөн.

Ошондой эле Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан алуу, дагы эки башкармалыктын жетекчилерине Мирлан Майтпасов менен Авазбек Аликуловго сөгүш жарыялап, ротациялоо тапшырмасы берилди.

Related posts

УКМК: «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Нарында «Кыргыз шырдагы нын эл аралык фестивалы өтөт

admin

Тажикстан менен суу, энергетика объектилерин пайдалануу макулдашуусу ратификацияланды

admin

Комментарий