Бишкекте 12 бала бакча курулат 

1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча маалымат жыйын берди. Анын айтымында, быйыл бала бакчалардын курулушуна көбүрөөк көңүл бурулат.

«Биз мектептерди куруп жатканда шаардыктар бала бакчаларга көңүл буруп, аларды курууну суранышкан. Быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курууну пландап жатабыз, айрыкча биздин конуштарга», – деди шаар башчысы.

2023-жылы имараттардын титулдук тизмесинин долбоорунда төмөнкүлөр каралат:

— 130 орундуу «Сетун» бала бакчасын оңдоо жана калыбына келтирүү;

— №31 бала бакчаны 100-орундук оңдоо жана калыбына келтирүү иштери;

— «Ак-Ордо» конушундагы 280 орундуу бала бакча;

— «Арча-Бешик» конушундагы 180 орундуу бала бакча;

— «Келечек»конушундагы 100 орундуу бала бакча;

— «Дордой»конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Көк-Жар»конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү 280 орундуу бала бакча;

— «Кыргызстан-1» конушундагы Самойленко көчөсүндөгү 140 орундуу бала бакча;

— «Калыс-Ордо» конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Мурас-Ордо» конушундагы 320 орундуу бала бакча;

— «Учкун»конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Бакай-Ата» конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Ак-Босого» конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Ак-Бата»конушундагы 660 орундуу мектеп.

Related posts

3-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү кармалды

admin

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Нелегал-2025» атайын операциясы башталган.

admin

Комментарий