Бишкекте 7 жаштагы баланы урган жаран кармалды

12-апрель күнү милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Ошол эле күнү саат 16:15тер чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринин ичинен жашы жете элек 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан маалымдашты.

Аталган факты боюнча, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган К.Д. аттуу шектүү аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Related posts

Жаан- чачын болбойт. 17-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

80дей уюлдук телефон табылып алынды. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектүү кармалды

admin

УКМК: Кыргыз Республикасынын жараны баңги заты менен кармалды

admin

Комментарий