УКМК: Кыргыз Республикасынын жараны баңги заты менен кармалды

          2023-жылдын 5-октябрында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомольское айылынын жанындагы «Манас аэропорту – Бишкек» унаа жолунда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну жана Токмок шаарынын тургуну 1979-жылы туулган Ю.У.Э. кармалды, унаасынан жалпы салмагы 415 граммды түзгөн “Альфа-PVP” аталышындагы синтетикалык баңги заты, ошондой эле жалпы салмагы 114 граммды түзгөн «Мефедрон» банги заты табылып, алынган.

          Кармалган Ю.У.Э. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

          Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Сокулукта 26 жаштагы келин мал сарайда асынган абалда табылды

admin

13-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

«Акчаңызды 2 эсе көбөйтүп беребиз» дегендердин башчылары кармалды

admin

Комментарий