Бишкекте “Азаттыктын” жабылышын талап кылган митинг өтүүдө

Бишкекте “Азаттык” радиосунун кеңсесинин жанында митинг өтүүдө. Бул тууралуу маалымат булактарына Бишкек бюросунун директору Айзада Касмалиева билдирген.


Анын айтымында, саат 11.30дар чамасында белгисиз адамдар плакаттар менен келишип, массалык маалымат каражаттарын жабуу тууралуу ураандарды кыйкыра башташкан«Митингчилер эмнени талап кылып жатканын түшүнбөй жатабыз. Алар: “Азаттык – эл душманы”, “БӨУга жол жок”, “Азаттык, токто” деп кыйкырып жатышат. 40тан ашык адам чогулду, колдорунда плакаттар бар. Милиция чакырдык. “Азаттыктын” кызматкерлери провокацияны болтурбоо үчүн сыртка чыкпайт”, — дейт Айзада Касмалиева.
Ал эми “Азаттыктын” кеңсесинин алдына чогулган эле Кыргызстандагы маалыматтарды бурмалап, дүйнөгө чагымчыл жаңылыктарды чыгарганын айтышууда. Андан тышкары “Азаттык”, КЛООП, Кактус маалымат агенттиктерине да нааразычылыктарын билдирип, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда.

Related posts

Айыл чарба техникаларын лизингге кантип алса болот?

admin

Улукбек Жолдошбеков Республикалык спорт колледжинин директорунун орун басары болуп дайындалды

admin

В Токтогульском районе 9 человек отказались от участия в организации «Йакын-Инкар»

admin

Комментарий