Бишкекте  баңгизат колдонгон милиция кызматкери, камакка алынды 

 Бишкекте Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери баңгизат колдонгону аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкекте Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. кармалып, анын кызматтык формасынын бушлатынын сол чөнтөгүнөн целофанга оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм белгисиз зат табылып алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү милиция кызматкерин Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизатын колдонгону аныкталган. Андан тышкары, ал баңгизатты сатып алган дарегин айткан. Көрсөткөн дарек боюнча “Жал” кичирайонундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык зат табылып алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын 4 жараны: 29 жаштагы Ч.М менен жашташ Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген.

Мындан сырткары, жогорудагы жарандарды Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизаттарын колдонушаары тастыкталды.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган милиционер Э.А. тергөө аяктаганча камакка алынды. Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган “Жал” кичирайонунун тургуну 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, мыйзамды бузгандардан, бангизаттарын пайдалангандардан тазалоого багытталган иштерди мындан ары дагы уланта бермекчи.

Related posts

Уюмда бирдиктүү финансы рыногун түзүү үчүн ЕЭК мүчө мамлекеттер менен системалуу иштерди жүргүзүп жатканы белгиленди.

admin

ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Аламүдүн районунун Полевое айылындагы В.Ленин атындагы жеке дыйкан чарбасынын «Эмгек жана эс алуу лагери» мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Комментарий