Бишкекте бирөөнүн 25 миң доллар турган унаасын алып, сатып жиберген шектүү кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Милицияга жаран арызы менен кайрылып, анда ушул жылдын 13-май күнү жабырлануучунун ишеничине кирип алдоо жолу менен баасы 25 миң доллар түзгөн Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаасын сатып алам деген шылтоо менен алып, андан соң аны үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн акчаны жеке муктаждыгына жумшап, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1984-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Related posts

12 миңден ашуун маданият кызматкери аттестация тапшырат

admin

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү

admin

21-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий