Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузуп жатат

8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жатат. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген. Мурдагы бажычынын үйүнөн эч ким комментарий берген эмес.

Related posts

Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеш өлкөнү жаңы багытта өнүктүрүүгө өз салымын кошо берет”

admin

29-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстандык 2 спортчу АКШда өткөн фестивалда алтын медаль жеңди (сүрөт)

admin

Комментарий