Бишкекте бычакталган жигит ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Бишкекте милиция тарабынан денеге залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-ноябрда саат 01:40 чамасында «102» кызматына Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсүндө адам бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милицияга №1 шаардык ооруканага 2000-жылы туулган жигит жеткирилгени маалым болгон. Бычак анын курсак тушуна сайылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Related posts

Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылды

admin

1-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бүгүн Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар онлайнга өттү

admin

Комментарий