Бишкекте ишке орноштурууну убадалап, жарандардан 1 миллион сомдон ашык акча алган шектүү кармалды

Ишке орноштуруу шылтоосу менен жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын сентябрынан октябрь айына чейин ар кандай шылтоолор менен ишенимге кирип, жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык акча каражатын, ошондой эле Мерседес Бенц 210 жана Ауди С-4 үлгүсүндөгү унааларды ээлеп алып, изин жашырып кеткен жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү өтүнүчү менен жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.

Мындан тышкары, шектүү дагы бир жабырлануучуга жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер менен тыгыз байланышта экендигин айтып, “алтын кенин иштетүүчү компаниялардын бирине жогорку акы төлөнүүчү жумушка орноштурам” деген шылтоо менен ушул жылдын март айында 140 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Андан соң изин жашырып кеткендиктен, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда шектүү тарабынан жасалган 20дан ашык алдамчылык фактысы аныкталган.

Related posts

УКМК: Талас шаарында “Шүкүн” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

2-3-августта өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

admin

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат

admin

Комментарий