БИШКЕКТЕ КЕЛЕЧЕК МУУН ҮЧҮН МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ

Бишкек шаарында УКМКга караштуу бала бакчанын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2026-жылдын 3-апрелинде, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага КР УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Ж.К. Шабданбеков жана КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Н.К. Орунтаев катышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мамлекеттик курулуш саясатынын артыкчылыктуу багыттары катары туруктуу жашоо чөйрөсүн калыптандыруу, архитектура жана шаар куруу тармактарын өнүктүрүү, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба менен инженердик инфраструктураны модернизациялоо белгиленди.

Белгиленгендей, жаңы бала бакча УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин балдары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу мектепке чейинки билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда мекеменин эшиги заманбап билим берүү мейкиндигинде сапаттуу тарбия жана билим алууну каалаган бардык балдар үчүн ачык болот.

Мындай шарттар ар кандай мамлекеттик түзүмдөрдүн балдарынын ортосунда достук мамилелерди чыңдоого жана социалдык интеграцияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө келечек муундар жетишилген натыйжаларды сактап, аны мындан ары өнүктүрүп, өлкөнүн туруктуу өсүшүнө салым кошот деген ишеним билдирилди.

Related posts

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн бир катар облустарында үшүк жүрөт

admin

КР УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

admin

Жүздөн ашуун өмүрдү алган жардыруу… Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

admin

Комментарий