Бишкекте келин жолдошу сабаганын айткан. Шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Милицияга келин арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү суранган. Келиндин айтымында, 21-апрель күнү Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Кегете-Таш көчөсүндөгү үйүнүн короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген. Аталган факты Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.

Related posts

Токмокто Көлбаевдин тобуна байланыштуу делген курал-жарак сакталган жай табылды

admin

УКМК: Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

admin

Комментарий