Бишкекте кылмыштарды уюштурган Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте кылмыштарды уюштургандыны үчүн издөөдө жүргөн Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда Бишкек шаарында кылмыштарды уюштурган жана жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Пакистандын жараны А.М.К. кармалды.

Тактап айтканда, КР аймагында узак убакыттан бери жүргөн аталган чет өлкөлүк жаран, мамлекеттик кызматкерлер арасында байланышым бар деген шылтоо менен, акчалай сыйлык үчүн чет өлкөлүктөргө уруксат документтерин тариздөө боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштаган.

Аталган А.М.К. жеке кызыкчылыгын, материалдык пайда алуу максатын көздөгөн, ага кайрылган мекендештери үмүтсүз жана көз каранды абалда экенин түшүнүп, чет элдиктердин жеке документтерин кайтарып берүү үчүн ири суммадагы акча талап кылган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган чет элдик жаран камакка алынды.

Чет өлкөлүк жеке жактар тарабынан КР мыйзамдарын бузуу фактыларынын көбөйүүсүнө байланыштуу УКМК мыйзамдардын талаптарын так аткарууга чакырат жана кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Related posts

Шашылыш билдирүү: Төө-Ашууда кар көчкү түшүшү күтүлүүдө

admin

«Жыйынтыкты кабыл алам». Бивол беттеш тууралуу үн катты

admin

Күндүз +26° чейин — 30-октябрга аба ырайы

admin

Комментарий