Бишкекте «Кыргызалтындын» алтын куймаларын саткан дүкөнү ачылат

Эртең, 5-сентябрдан тартып “Кыргызалтын” ААКнын алтын чендик куймаларын сата турган дүкөнү иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ал жактан бардык каалоочулар ар кыл өлчөмдөгү алтын чендик куймаларын сатып ала алат.

«Алтын чендик куймаларын эркин сатыкка чыгаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы болгон», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Камчыбек Ташиев да туунун өзгөртүлүшүн колдой турганын айтты

admin

Бишкектеги “Фламинго” паркында аттракцион бузулуп, адамдар ичинде калып калган 

admin

«Пейилиңерден айланам». Бишкектин жолун оңдоп жаткан жумушчуларга тамак жана суусундук алып барышты

admin

Комментарий