Камчыбек Ташиев да туунун өзгөртүлүшүн колдой турганын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да туунун өзгөртүлүшүн колдойт. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

«Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар. Менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат, демек, күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун. Күндүн нурундай жаркыраган туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу!» — деп жазылат УКМКнын төрагасынын билдирүүсүндө.

Related posts

Садыр Жапаров 54 жашка толду 

admin

30-31-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

2024-ЖЫЛДЫН 9 АЙЫНДА КУМТӨР БЮДЖЕТКЕ САЛЫК ЖАНА БАШКА ТӨЛӨМДӨР ТҮРҮНДӨ 10 МИЛЛИАРД 37 МИЛЛИОН СОМ КОТОРДУ

admin

Комментарий