Бишкекте кыз уурдоого аракет кылган делген жигит кармалды 

Бишкекте адам уурдоо аракетине шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. 

29-ноябрда милицияга жаран кайрылып, жигит жана бир нече белгисиз адамдар Кулиев көчөсүндөгү мейманкананын жанынан ага физикалык күч колдонуп, БМВ үлгүсүндөгү унаага ала качуу максатында салууга аракет кылышкан. Бирок окуяга күбөлөр кийлигишип, жигиттер качып кетишкен. Бул факты боюнча адам уурдоого аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жигит кармалган. Калган шектүүлөр изделип жатат.

Related posts

Алмазбек Атамбаевдин кезектеги калпыс кайрылуусу

admin

Лейлекте унаа сатып алган жаран акчасын бербей из жашырган

admin

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 10 адам куткарылды

admin

Комментарий