Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен 5- ноябрда Кыргызстанрга келет. Алар 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышат. Ага Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары  дагы келет.

Мындан улам борбор калаада 5-6-ноябрь күндөрү бала бакчалар иштебей турганы кабарланган. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бул  аралыктан иштейт.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.

Баса, мектептер 4-ноябрдан тарта каникулга чыгышкан.

Related posts

Украинадагы согушка катышкан жигит абактан чыкты

admin

Суукка байланыштуу кышкы каникул 16-январга чейин узартылды 

admin

Күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нөлдөн жогору болот – 18-декабрга карата аба ырайы

admin

Комментарий