Бишкекте суу жана канализациянын тарифин көтөрүү пландалууда 

Бишкекте таза суунун жана канализациянын колдонулушуна болгон тарифти көтөрүү пландалууда.

Мэрия тарабынан сунушталган долбоор коомдук талкууга коюлду.

Суу:

жарандар үчүн куб метрин 10,45 сомдун чегинде бекитүү (азыркысы 8,10), мында акы 29 пайызга жогорулайт;

бюджеттик уюмдар үчүн — 12,95 сом (азыркысы 9,10), 42,31 пайызга;

башка колдонуучулар үчүн — 18,5 сом (азыркысы 13), 42,31 пайызга.

Канализация:

калк үчүн — 3,45 сом (азыркысы 2,30), 52 пайызга;

бюджеттик уюмдар — 4,5 сом (азыркысы 3), 50 пайызга;

башка керектөөчүлөр — 9 сом (азыркысы 6), 50 пайызга.

Мэрия ошондой эле көп батирлүү үйлөрдөгү канализациялык түтүктөрдү тейлөөнүн акысын да жогорулатууну көздөп жатат. Калк жана башка керектөөчүлөр үчүн турак жайдын бир чарчы метринин баасын жылына 15,1 сомдун чегинде бекитүү сунушталууда. Азыркы акы 10,2 сом.

Муниципалитет «Бишкек суу канал» ишканасынын абалы оор экенин, азыркы тарифтик саясатты өзгөртүүгө себеп орчундуу экенин айтууда:

азыркы тариф чыгымдарды актабай жатат, мекеме чыгашага учуроодо;

уюмдар үчүн электр энергиясынын кескин кымбаттап кетиши;

керектүү материалдарга, күйүүчү майга, жабдууга, химиялык реагенттерге жана формага болгон баанын жогорулашы;

суу кампаларын кайтарууга чыгымдын көбөйүшү;

тармактарды оңдоого жана модернизациялоого каражаттын жетишсиздиги;

авариялардын көбөйүшү;

айлык акынын төмөндүгүнөн жумушчулардын жумуштан кетиши.

Жакында эле Бишкекте таштанды чыгаруунун тарифи көтөрүлдү. Мартта абоненттерге квитанциялар жаңы баа менен келет.

Related posts

Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн текшерди 

admin

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин аппарат кызматкерлери менен жолукту (сүрөт)

admin

Ысык-Көлдө жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 4-декабрга карата аба ырайы

admin

Комментарий