Бишкекте төрөлгөн үч эмге Садырбек, Камчыбек, Ынтымак деген ысым ыйгарылды

25-ноябрда Бишкектеги төрөтканада 41 жаштагы Кара-Ой айылынын тургуну Назира Жакыпова үч эм төрөдү.

Маалыматка караганда, үч эмге президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан коюлган. Алардын ортосундагы ынтымакты үчүнчү эмге беришкен. «Курултай күнү эртең менен саат 09:40та көз жарды. Учурда эне жана балдардын абалы жакшы», — деди абысыны.

Буга чейин түгөйлөр 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишкен.

Булак: Serep media

Related posts

Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди. Алардын 71и балдар

admin

Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылды

admin

Кыргызстандагы 20 000 сомдон 57 000 сомго чейинки эмгек акылар

admin

Комментарий