Бишкекте таштанды үчүн 600 контейнер сатып алынды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 400 пластик жана 200 темир контейнер сатып алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган. 2023-жылы 530 контейнер сатып алынган. Контейнерлер шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда.

Related posts

«Диверсия эмес, шалаакылык». Депутат ЖЭБдеги жарылууга саясий баа берилиши керектигин айтты

admin

7-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Ак-Талаа өзгөрүүлөр жолунда: техника, спорт комплекси жана жаңы турмуш шарттары

admin

Комментарий