Бишкекте жарандын буту көчөдөгү темирге кирип, кыпчылып калган

Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын жанында суу өтүүчү арыкка коюлган темир торго эркек кишинин буту кирип, кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 13:18де ӨКМдин Бишкек шардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу барып, атайы шаймандын жардамы менен темирден бутун чыгарышкан. 69 жаштагы жабырлануучуга куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Related posts

 Кызгалдактуу талаалар! Бишкектин четинде сүрөткө түшүү сезону башталды

admin

Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыкты

admin

Go Wild For Western Fashion With These Pioneering Outfits

admin

Комментарий