Бишкекте жарандын буту көчөдөгү темирге кирип, кыпчылып калган

Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын жанында суу өтүүчү арыкка коюлган темир торго эркек кишинин буту кирип, кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 13:18де ӨКМдин Бишкек шардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу барып, атайы шаймандын жардамы менен темирден бутун чыгарышкан. 69 жаштагы жабырлануучуга куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Related posts

Ош обласынын тоолуу райондорунда кар жаайт. 11-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Малайзиянын премьери Кыргызстанга расмий сапар менен келди

admin

Жаан жаабайт. 10-сентябрга карата аба ырайы

admin

Комментарий