Бишкекте милиция кызматкерлери сойкулукка тарткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-декабрда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, шектүү үч ай бою 2005-жылы туулган небересинин интимдик кызмат көрсөтүүсүнө ортомчулук кылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган кыз кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.