Блогер Ырыс Жекшеналиев акталды

4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум өттү. Соттун чечими менен Ырыс Жекшеналиев бардык беренелер боюнча акталды.

Өткөн жылдын август айында 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон болчу.

Related posts

Тоолорго кар түшөт! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт 

admin

УКМК айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилерин билдирди

admin

Таштандыдан ымыркайды таап алган Пакистандык окуучу сыйланды

admin

Комментарий