Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды 

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын июль айында үч эм төрөлгөн (эки уул жана бир кыз) үй-бүлөдөн кабар алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр үй-бүлөгө чың ден соолук, жакшылыктарды каалап, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Эске салсак, Нурзада Сатымкулова үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Шаардык перинаталдык борбордо үч эмди жарыкка алып келген. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай аттуу ысымдар берилген.

Related posts

Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөттү 

admin

Европарламент Эл аралык сотту Лукашенкону камакка алуу ордерин берүүгө чакырды

admin

Жакында өлкө боюнча 70 бала бакча жана 300 борбор ачылат

admin

Комментарий