Чынара Мамажакыпова: «Мен Президентим Садыр Жапаровго жана анын командасына ишенем»

“Аярзат”  коомдук бирикмесинин төрайымы, жарандык активист Чынара Мамажакыпова президентибиз Садыр Жапаров жана анын командасы тууралуу ой бөлүштү.

Кыргыздын дымагы өстү, ага жараша каалоосу дагы жогорулады. Мамлекет эгемендик алгандан кийин өлбө жаным өлбө деп эле жашап келген экенбиз. Курсагыбыз тойсо, күнүбүз өтсө, “бизге ушул боло берет”-деп. Жок туугандар! Бизге бул боло бербейт, биз дагы дүйнө эли менен жарышып жашаганга акыбыз бар!

Аны акыркы 3 жылдагы жыйынтыктар көрсөттү. Президент Садыр Жапаров командасын чогултуп, шыктандырып, дем берип, өзү жоопкерчиликти алып алдыга туруп алып мамлекетти көтөрүп баштады. Мурда ар бир эле саясатчы президент боло алам дечү жана президент болгусу келээр эле. Себеби мурдагы президенттер хан тактыга жеткенде иштебей эле карыз алып, ичип жеп, тоноп, байып отура берчү. Андай кылыш ар бир акмактын дагы колунан келет.

Азыр президент болом деген дымагы бар адамдарды табуу кыйын. Себеби, Садыр Жапаров күнү-түнү жанын камчылап иштеп жатат. Мурда оюбузга келбеген жумуштарды ийгиликтүү ишке ашырууда. Ирип-чирип калган тармактарды тирилтип, жандандырып, дүкүлдөтүп жатат. Же убагында уктабайт экен, жанындагы иштегендер “шефте энегрия көп, ал тез эле басат дейсиңерби? Уктабайт дагы, түнү телефон чалып тапшырма берет же берген тапшырмасын сурайт. Ар дайым телефонду өчүрбөй, кулагыбыздын түбүнө коюп алып уктайбыз”-деп айташат. Мына ушундай темп болгон үчүн иш жылып жатат. Мамлекетти өнүктүрүүгө уктабай койгон эле жетиштүү дейсиңерби? Жок! Көрөгөч лидер, дили ак падыша, акылы тунук президент болуш керек. Садыр Жапаров мына ушундай, көз тийбесин! Карапайым элге жакын, жөнөкөй инсан. Президент деген кызматтын кадырын көтөрдү. Эми командасына дагы токтололу.

Мурда Премьер-министрлер улам алмашып турчу, туруксуз эле. *Акылбек Жапаров* узактан бери иштеп, мамлекеттин экономикасын тейлейт. Киреше булактарын жөнгө салып, реформа кылып, мамлекетти бутуна тургузуп, бакубат кылып койду. Казынабыз кампайып, ага жараша мектептер, балдар-бакчалары, жолдор курулуп жатат. Өндүрүш тармагы жанданып, мурда тиш чукугуч чыгара албаган мамлекет – азыр унааларды, тик учактарды, компьютерлерди жана башка заттарды өндүрүп калды. Премьер-министр кызмат (КабМин) орду кадыры өстү, ага жараша талап жогорулады. Акылбек Жапаровдон кийин бул кызматка келип иштейм деген адам, азыртадан жанында жүрүп, кеминде 5 жыл тажрыйба алып үйрөнүш керек.

Улуттук коопсуздук кызматы мурда кандай эле? Ар кайсы келген бийликтин жеке кызыкчылыгын гана карап, президенттин жеке жазалоочу органына айланган. УКМКнын төрагалары дайым каргыш угуп эле жүрчү. Азыр УКМКнын көтөргөн жүгү, жоопкерчилиги өтө көп. *Камчыбек Ташиев* улуттун коопсуздугун сактоо милдетин ашыгы менен аткарууда. Кан төгүлгөн кагылышта башында өзү жүрдү. Керт башын тобокелге салып, үй бүлөсүн Кудайга аманат тапшырып, көп жылдан бери элди тоногон, тамырлашып кеткен уюшкан кылмыш топторун жок кылды. Ууру-кескилерди кустуруп, коррупционерлерге өтүп кеткен жер, мүлктөрдү мамлекетке кайтарды. Коррупционерлер жек көрүшү мүмкүн, бирок карапайым элдин алкышын алды. Бул кызматтын дагы планкасы жогорулады.

Президенттин Иш башкармасы мурда эмне кылганын деле билбейбиз. Угушубузга караганда келген конокторго сый тамак уюштуруп, семиз жылкы таап сойгон менен эле алектенчү дейт. Азыр *Каныбек Туманбаев* бул кызматтын көркүн чыгарып, кадырын көтөрдү. Президенттин тапшырмаларын аткарып, курулуш, парк, эс алуучу жайлар, үйлөр, көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Бул кызматтын дагы планкасы өстү.

Президенттин командасында ар бир жетекчи – өз кызматтарын татыктуу аткарып жатышат. Мына ушундай ынтымактуу, ар бири өз милдетин аткарган топ- кыргыздын келечегин оңдойт деген ишенимге жол ачты. Мен Президентим Садыр Жапаровго жана анын командасына ишенем! Менин президентим Садыр Жапаров дегенди сыймыктанып айта алам.

Менин бул сезимдерим жүрөктөн чыкты, карапайым жарандар дагы менин оюма кошулат деген ойдомун. Менин дагы дымагым өстү, жакшы жашоого умтулуп, каалоолорум чоңойду!

Related posts

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

АКШда чочконун бөйрөгү салынган адам ооруканадан чыгарылды

admin

Бишкекте балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйүүдө 

admin

Комментарий