Бишкектеги №68 мектеп-гимназияда спорт корпусу курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №68 мектеп-гимназиясынын аймагына спорт залы менен спорт корпусунун курулушун баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Имараттын жалпы аянты — 1111, 49 чарчы метр. Ал эми жердин аянты — 2,3 гектар. «Курулуш мектеп аянтынын түштүк-батыш тарабында, колдонуудагы спорт аянтчасынын ордуна долбоорлонгон. 3 кабаттуу бир блоктон турган спорт корпусу жана газ жабдуусу менен откана курулат. Ошондой эле универсалдуу спорт аянтчасы, чуркоо, машыгуу жана активдүү оюндар үчүн аянтча (башталгыч класстар үчүн) каралган. Учурда котлованды казуу жана пайдубал негизин куюу иштери бүткөрүлдү«,- дешти.

Булак:Сереп

Related posts

21-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Кар жаабайт. 13-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча авиабилеттердин баасы төмөндөдү

admin

Комментарий